Боюмда бар, суу аралаш кан келип жатат. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Кош бойлуумун. Баланын тонунда суусу көп экен. Менде эки күндөн бери суу аралаш кан келип жатат. УЗИге барсам суунун көптүгүнөн ушундай болуп жатат деди. Ушул туурабы?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Кош бойлуулук учурунда кан агып келбеши керек. Тондо суунун көп болушу буга эч кандай тиешеси жок. Тезинен каттоодо турган акушер-гинекологго кайрылыңыз же төрөт үйүнө барыңыз. Тондо суунун көп болуу себептери өтө арбын, буга кош бойлуулук учурунда вирустук инфекциялар же жыныстык органдардын инфекциялары себеп болушу мүмкүн. Анализдердин жыйынтыгына карабастан, сөзсүз профилактикалык дарылануу керек.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.