Маркум атамдын бир туугандары апам менен бизди үйдөн кууп чыгышты
Саламатсызбы! Биз кичинебизде атабыз каза болуп калган. Ошол убакта атамдын бир туугандары кийлигишип, апамды кетирип, ЗАГСты апамдын катышуусу жок эле кестирип салышкан экен. Атам менен апам элдешип жаңы жашап баштаганда атабыз каза болуп калат. Биз жашап жаткан үй чоң энемдин наамында. Биз мал бакчубуз. Ошонун баарын атамдын бир туугандары алып, бизди үйдөн кууп чыгып салышты. Апам бизди багам деп көп карыз болуп калды. Эми ошону кандай кылып өндүрүп алсак болот? Үйдү талашканга укугубуз барбы? Атабыздын машинасыначы? Атамдын кара кагазын да бербей койду. Паспорт ала албай жүрөбүз.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Албетте, маркум атаңыздын мүлкүн мураскор катарында алсаңыз болот. Бул үчүн атаңыздын кандай мүлкү бар экенин тактап жана тактагандан кийин мүлктү кабыл алуу үчүн мамлекеттик нотариалдык кеңсеге кайрылуу керек болот. Ал эми паспорт алуу үчүн атаңыныздын өлгөндүгүү туралуу күбөлүк керек болгон болсо, анда ЖААК бөлүмүнө (ЗАГС) кайрылып көчүрмөсүн же дупликатын алыңыз.