Алты айлык кызыма "рахит" деген диагноз коюп жатышат. Бул коркунучтуубу?
Саламатсызбы! Кызым беш айга толуп, алтынчы айга өттүк. Кызымдын уйкусу жакшы, курсагы ачканда, уйкусу келгенде эле ыйлайт. Бирок ыйлаганда чалкалайт, бешикте башын ары-бери сүртөт. Курсагы менен жаткырсам, пингвинге окшоп буту-колун көтөрө берет. Колго көтөргөндө да колун аркага кыла берет. Массаж жасап турам. Невропатологго көргөздүм. "Рахит" деген оору деди. Өзүм Аквадетримден кечинде эки тамчы берем. Сиз кандай кошумча кеңеш бересиз. Сураныч жооп берип коюңузчу.
Диляра Искакова
Педиатр
Саламатсызбы! Жазгандарыңызды окусам, көбүнчө рахиттин өтүшүп кеткен белгилери экен. Аквадетримди экиден эмес, төрт тамчыдан күнүнө бир маал, эртең мененки тогуздан онго чейин бергенге аракет кылыңыз. Бир айдан кийин кайра бир тамчыга өтөсүз. Күн чыккан маалда, 11ден 12нин ортосунда баланын бетин, денесин күнгө көрсөтсөңүз витамин Д пайда болуп, рахитти токтотот. Эгер күн ачылбай бүркөлүп тура берсе, бейтапкананын физикалык кабинетиндеги УФОго он күн алып барып коюңуз. Сөзсүз түрдө педиатрга бир көрсөтүп, башка белгилер жокпу аныктатып коюңуз.
Балаңыз ден соолукта болсун!