Кызымды атасы тааныбай жатат. Сотко берип экспертиза жасатсам болобу?
Мен Москвада жүрүп бир балага алданып калып кыздуу болгом. Кызым азыр бир жашта кызым, өзүмдүн фамилямда. Кызымды атасы мойнуна албай жатат. Анын үй-бүлөсү, балдары бар экен. Сотко берсем сөзсүз ДНК жасатабы? Анын акчасын мен төлөп каламбы же атасы төлөйбү? Акысыз соттук биологический экспертиза өткөрсө болобу? Менде эч кандай күбө жок. Кызым кичинекей кыйналып жатам, ошон үчүн алимент өндүрөйүн дегем.
Ширин Алмазова
“Линия защиты” коомдук фондунун адиси, адвокат
Саламатсызбы! Ооба, аталыкты аныктоо боюнча талаптарды карап жатканда сот соттук-биологиялык экспертизаны дайындайт. Соттон экспертизаны соттолуучунун, башкача айтканда, кызыңыздын атасынын эсебинен жасатууну сурансаңыз болот. Тилекке каршы акысыз экспертиза жок. Аталыгын аныктагандан кийин алимент өндүрүүгө документ тапшырасыз.
Кошумча маалымат алуу үчүн юристке кайрылыңыз.
Адвокат Ширин Алмазова менен @almazova__s инстаграм аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.