// //

Мен 16 жаштамын. Көп мастурбация кылсам, жумурткам шишип кетеби?

2021.02.19, 11:37
2248

Саламатсызбы! Мен 16 жаштамын. Военкоматтан "мастурбация кылба, жумурткаң  шишип кетет",-деп айтты. Чындап эле ошондойбу? Видеолорду көрүп мастурбация кылгым келип кетет. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.02.2021, 11:45

Болот Рысбаев

Медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын доценти, уролог 

Саламатсызбы! Ар бир адамдын каалоосу ар кандай болот. Кээ бирөолөр жумасына бир төрт-беш жолу жыныстык катнашка баргысы келсе, айрымдар үчүн айына бир жолу жетиштүү болуп саналат. Мастурбацияны такыр эле зыян деп айтууга дагы болбойт, зарыл болгондо жасап турса эч нерсе эмес. Бирок, эң негизгиси чектен чыгып кетпеш керек. Болбосо кийин жыныстык катнашка болгон каалооңуз жоголуп кетет. Интернеттен ар кандай видеолорду көрүнүү дагы сунуштабайт элем. Себеби ал жакта туура эмес маалыматтар көп камтылган.

Ден соолукта болуңуз!

 
 
0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт