Үч айлык балам катуу үндөргө көзүн ирмебей жатат. Эмне кылсам болот?
2021.02.17, 11:51
1220
Саламатсызбы! Мен жаш энемин, балам үч айлык. Баш сөөк ичиндеги кан басымы менен төрөлгөн. Үндөргө реакция берет, бирок катуу үндөргө көзүн ирмебейт. Балам менен тең болгон жеңемдин баласы көзүн ирмеп жатат. Кабатыр болуп жатам. Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.02.2021, 12:04
Диляра Искакова
Педиатр
Саламатсызбы! Менин сизге кеңешим, балаңызды сөзсүз түрдө невропатологго көрсөтүп консультация алыңыз. Андан кийин лор-врачка консультацияга баргыла. Дарыгерлер баланы көрүп, текшерип, анан себебин аныктап беришет.
Балаңыз ден соолукта болсун!
0
Пайдалуу жооп