Колтук алдындагы температураны кантип туура ченөө керек?
2019.01.18, 10:13
2754
Колтук алдындагы температураны ченөө үчүн - колду 10 мүнөт денеге бекем кысуу керек. Эң аз дегенде 5 мүнөт кысымга алынган градусниктин көрсөткүчүнө гана ишенсе болот.
Колтук алдындагы температураны туура ченөө үчүн төмөнкүлөрдү аткарабыз:
- Алгач колтук алдындагы терини сүртүп кургатабыз. Болбосо, нымдуулук сымапты муздатып жиберет жана градусник төмөнкү температураны көрсөтөт.
- Градусник менен дененин ортосунда ич кийим болбосун.
- Оорулуу өтө эле алсыз болсо, градусникти кармап турганга кимдир бирөөнү жардамга чакырабыз.
- Градусникти салып, колду денеге бекем кысабыз. Кичинекей бала болсо ороп жаткызып коебуз.
- 5 мүнөт өткүчө "карап көрөйүнчү" деп градусникти алып чыкпайбыз.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.