Арык, тамак жебеген балама кандай витамин берсем болот?
2021.02.16, 13:00
2709
Саламатсызбы! Эки жаштагы балам аябай арык, кичинекей. Табити жок, тамак жебейт. Кандай витамин берсем болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.02.2021, 13:09
Диляра Искакова
Педиатр
Саламатсызбы! Биринчи баланын гемоглобининин текшерүү керек. Эгер кан анализдеринин баары жакшы болсо, ашказаны тамакты жакшы сиңербей жаткан болушу мүмкүн. Бул үчүн кал анализин тапшырасыз. Ошол аркылуу ичегилери кандай иштеп жатканы биленет. Себебин билбей туруп, калп эле витамин берүү таалага кеткен акча болуп эсептелет. Анын эч кандай пайдасы жок болуп калат. Андыктан, педиатрга алып барып көрсөтүңүз.
Балаңыз ден соолукта болсун!
0
Пайдалуу жооп