Маркум эжемдин төрт баласы мага өтөт. Ар бирөөнө канча сом жөлөкпул берилет?
Саламатсызбы! Менин эжем жакында каза болуп калды. Артында төрт уулу бар. Томолой жетим болуп калышты. Жакынкы убакта камкорчулука мага өтөт. Ар бир балага мамлекеттен канча сомдук жардам көрсөтүлөт? Биздин социалдык башкармалыктан ар бир балага 2400 сом пенсия дайындалат дешти. Угушума караганда дагы кошумча акчалар берилет экен.
Мелисбек кызы Жаңыгүл
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатсызбы! Томолой жетим балдарга мыйзамдуу өкүл дайындалгандан кийин, ар бирине 2000 сомдон социалдык жөлөкпул чегерилет. Райондук коэффициент болсо, үстүнө белгилүү бир сумма кошулушу мүмкүн. Кошумча жардамдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен же өнөктөштөр тарабынан берилиши ыктымал.
Кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 990 603 030 WhatsApp номерине жазыңыз.