Боюмда бар, баланын суусу аз экен. Бул коркунучтуу эмеспи?
2021.02.12, 11:38
944
Саламтсызбы! 23 жумалык боюмда бар. Дарыгерлер баланын суусу аз деп жатышат. Бул коркунучтуу эмеспи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.02.2021, 11:48
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Адатта, суунун жетишсиздигинин себептери ар кандай болот. Себеби аныкталган болсо, анда аны жок кылуу менен, суунун көлөмүн нормалдаштырууга болот. Себеп аныкталбаса, анда профилактикалык терапия жүргүзүлөт. 1-1,5 ай сайын УЗИнин көзөмөлүн өтүп турасыз. Тондогу суу орточо деңгээлде төмөн болсо, өтө коркунучтуу эмес. Эгер өтө эле төмөн болсо, түйүлдүк үчүн олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Сизди карап жаткан гинекологго барып көрүнүңүз.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп