Күйөөмдүн аты "Ильяз" эмес, "Илёс" болуп жазылып калган. Кантип оңдотсо болот?
2021.02.11, 15:11
1940
Саламатсызбы! Жолдошум кыргыз, бирок Өзбекстандын төрөт үйүндө төрөлүп, метрикасын ошол жактан алган. Аты өзбек тилинде жазылган, мисалы, "Ильяз" болбой, "Илёс" болуп калган. Ошону кантип оңдотсо болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.02.2021, 15:15
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатсызбы! Эгер күйөөңүз Кыргызстандын жараны болсо, каалаган ЗАГС бөлүмүнө кайрылса болот. Жанына паспорт, никелешүү тууралуу күбөлүк жана балдардын туулган тууралуу күбөлүгүн алып алсын. Анан ошол жактан аты-жөнүн өзгөртүп алса болот.
Мамлекеттик каттоо кызматынын бирдиктүү ишеним телефону: 0312 62 41 40; же 119 кыска номерине чалып кошумча маалымат алсаңыз болот.
Ийгилик!
0
Пайдалуу жооп