Кызымдын трусиги эки күндө сасып кетет. Бул эмнеден улам болушу мүмкүн?
2021.02.10, 15:08
3069
Саламатсызбы! Менин кызымдын трусиги эки күндө сасып кетет. Өзү беш эле жашта. Бул эмнеден улам болушу мүмкүн?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.02.2021, 15:11
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Жаш кыздарда дагы вульванын жана жыныс кынынын сезгенүүсү кездешет. Ошон үчүн күн сайын кыздарды жуунтуп, ич кийимин алмаштырып туруу керек. Эгерде жагымсыз жыттанган суюктуктун бөлүнүп чыгышы тынчсыздандырса, анда кызыңыз флорага мазок, ОАМ жана курттарга анализ тапшыруусу керек. Анализдин жыйынтыгына жараша, гинеколог дарылоо жазып бере алат.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп