Күйөөм 45-50 миң айлык алат, бирок алиментти ал боюнча төлөбөйт. Эмнеге?
Саламатсызбы! Алимент боюнча сурайын дегем. Атасы 45-50 миң айлык алат, бирок жеке киреше салыгы боюнча маалым катта 18 миң деп көрсөтүлгөн. Кайсы алган айлыгы боюнча алимент төлөйт. Картасына түшкөн акча мененби же жеке кирише салыгы боюнча айлыгы мененби?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "жашы жетпеген балдарына алимент кармалып калуучу эмгек акынын жана башка кирешенин түрлөрүнүн тизмегин бекитүү жөнүндө" 2017-жылдын 24-августу № 530 токтомунун 2-пунтунун негизинде "Алимент төлөөчү адамга эсептелген эмгек акынын жана башка кирешенин суммасынан алимент өндүрүү ушул эмгек акыдан жана башка кирешеден Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктарды жана социалдык чегерүүлөрдү кармап калгандан (төлөнгөндөн) кийин жүргүзүлөт" деп көрсөтүлгөн.
Демек, балаңыздын атасынын айлыгы 50 миң сом деп эсептесек бул суммадан тиешелүү чегерүүлөр кармап калгандан кийин, калган суммадан алименттин өлчөмү эсептелинет деп түшүнөбүз.