Жаңы-жылдык майрамга барбай койгонум үчүн жумуштан чыгып калдым
Мектепте мугалим болуп иштечүмүн. Бирок жумуштан чыгып кеттим. Себеби коллектив өткөргөн жаңы-жылдык майрамга балам кичинекей болуп катыша албай калгам. Мугалимдер катуу сөздөр менен урушканынан, арыз жазып чыгып кеттим. Мындай маселеде мыйзам чегинде иш козгосо болобу?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде Эмгек чөйрөсүндө басмырлоого (дискриминация) тыюу салуу деп көрсөтүлгөн. Эгерде сиз өзүңүздү басмырлоого учрадым деп эсептесеңиз анда, ушул кодекстин 9-беренесинин негизинде сотко кайрылсаңыз болот.
Анткени "Эмгек чөйрөсүндө басмырлоого дуушар болдук деп эсептешкен адамдар бузулган укуктарын калыбына келтирүү, материалдык зыяндардын ордун толтуруу жана моралдык залалды компенсациялоо жөнүндө тиешелүү арызы менен сотко кайрылууга укуктуу" деп көрсөткөн. Ошондой эле иштен сырткары иш чараларга катышууга сиз милдеттүү эмесиз. Бул боюнча Экотехинспекцияга арыз менен кайрылсаңыз болот.