Баламдын күбөлүгү Россияныкы. Кыргызстандыкына алмаштырсам болобу?
2021.02.05, 11:25
1722
Саламатсызбы! Менин баламдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү Россияныкы. Эми ошол күбөлүгүн Кыргызстандыкына алмаштырсам болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.02.2021, 11:38
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатсызбы! Тилекке каршы болбойт. Анткени, баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо бир эле жолу жүргүзүлөт. Эгер балаңыздын күбөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кааласаңыз, ЖААК (ЗАГС) органдарына кайрылып, туулганды катталган жерге өтүнүч жөнөтүү керек.
Мамлекеттик каттоо кызматынын бирдиктүү ишеним телефону: 0312 62 41 40; же 119 кыска номерине чалып кошумча маалымат алсаңыз болот.
Ийгилик!
0
Пайдалуу жооп