Таштап кеткен апам чалды, өгөй апам таарынды. Эмне кылам?
Ичимдеги сырымды айткым келди. Ата-энем мен кичинекей кезде ажырашып кеткен. Атам менен калгам, ал башка аялга үйлөнгөн. Кичинекей кезде жаман сөздөрдү угуп чоңойдум. Азыр да “жетим” деген сөздөр эсимден кетпейт. Кудайга шүгүр атам жакшы тарбиялады, өгөй апам да жакшы мамиле кылды, мени турмушка узатышты. Азыр 3 баланын апасымын, жолдошум, кайын энем жакшы адам. Кээде мен ыйласам кайын энем мага кошулуп ыйлайт.
Жакында өзүмдүн апам чалды, мен сүйлөшө алган жокмун. Өгөй апам менен дагы сүйлөшпөй калгам. Сиңдим “сендей бир туугандын кереги жок, өз туугандарыңды таап сүйлөш”, деген. Ошол бойдон алар менен дагы кабарлашпай калдым. Сүйлөшкөнгө аракет кылайын десем, сиңдимдин айткан сөзү жүрөктө турат. Азыр ара жолдо турам. Кимге кандай мамиле кылышты билбейм. Өз апам менен сүйлөшөйүн десем ал мени таштап кеткен бойдон бир дагы жолу келген эмес. Мектепте окуп жүргөгдө келсе болмок дейм. Кадай кадам кылсам болот?