Кечки мектепке тапшырып коюп иштеп жүрө берсем болобу?
2021.02.03, 16:38
1543
Саламатсызбы! Мен 7-классымдан баштап окубай калгам. Эми кечки мектепке тапшырайын деп жатам. Бирок, жумушума байланыштуу күн сайын бара албайм. Сырттан окуп бүтүрсөм болобу? Мага аттестат эле керек болуп жатты эле.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.02.2021, 16:42
Марина Гречаная
КР Билим берүү министрлигинин PR-консультанты
Саламатсызбы! Кечки мектептерде сырттан окуу мүмкүн эмес. Бул мектептерден билим алууну каалагандар күн сайын барып окушу керек. Кечки мектептерде билим берүү формасы бир гана ушундай. Окууңузга ийгилик!
0
Пайдалуу жооп