Бели, буту ооругандар парга олтурса болобу?
2021.02.03, 13:02
1857
Жолдошум 35 жашта. Кээде бели, буту ооруп турат. Парга олтуруш үчүн баняга көп барат. 5-6 саат парга олтура берет экен. Зыяны жокпу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.02.2021, 13:03
Асель Сыдыкбекова
Терапет
Кутман күн! Эгер ден соолугу жакшы болсо, парга олтурганда өзүн жакшы сезсе, пардын коркунучу деле жок. Бирок, бел жана бут оорусунун себебин билүү керек. Жок дегенде бир жолу дарыгерге көрүнүп койсун. Анткени бел оору бутка таасирин бериши мүмкүн. Убагында ооруну аныктап дарыланбаса кийин кеч болуп калат.
Ден соолукта болгула!
0
Пайдалуу жооп