Аялым Өзбекстандан төрөдү. Балама күбөлүк алуу үчүн эмне кылышым керек?
Саламатсызбы! Аялым Өзбекстандан төрөдү. Балама күбөлүк алуу үчүн кандай кагаздар керек? Маалымкат менен "соглашения" бар.
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатсызбы! Өзбекстанда төрөлсө, анда ошол жактагы элчиликке кайрылсаңар туулгандыгы тууралуу күбөлүк берет. Жаныңарга паспорт менен "соглашенияны" алып алгыла. Эгер жубайыңыз Өзбекстандын жараны болсо, балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилип койгон жокпу текшерүү керек. Анткени, туулгандыгы тууралуу күбөлүк бир эле жолу берилет. Тактап айтканда, Өзбекстандан же Өзбекстандагы Кыргызстандын элчилигинен берилет.
Мамлекеттик каттоо кызматынын бирдиктүү ишеним телефону: 0312 62 41 40; же 119 кыска номерине чалып кошумча маалымат алсаңыз болот.
Ийгилик!