Жөлөкпул алалы десек, бир балага берилбейт деп коюшту. Эмне кылсак болот?
Саламатсызбы! Биздин бир кызыбыз бар, экинчисин күтүп жатабыз. Жөлокпул алалы десек, бир балага берилбей турганын айтышты. Мен кызым менен үйдо отурам, күйөөм кара жумушта иштейт. Кайын атам менен кайын энем өтүп кеткен. Мүлкүбүз жок, батирде турабыз. Берилбейт дегени чынбы?
Мелисбек кызы Жаңыгүл
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатсызбы! Эгер үй-бүлөдө жашы жете элек бир өспүрүм болсо, бирок, ошол эле учурда үч же андан ашык жумушка жөндөмдүү жарандар жашаса жөлөкпул чектелбейт.
Сизге райондук социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылууну сунуштайм. Тилекке каршы, үй-бүлөңүз жөнүндө кененирээк маалымат билбей туруп, аласыз же албайсыз деп айта албайм. Балким, тактоо керек башка дагы жагдайлар чыгып калат.
Кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 990 603 030 WhatsApp номерине жазыңыз.