// //

Кредит алардан мурун буларды сөзсүз билип алыңыз

2021.01.29, 12:59
1831

"Айыл Банктын" кызматкери Нурзада Сапарбаева кредитти туура пайдалануу боюнча кеңештери менен бөлүштү.

  • Кредитке чындап муктажсызбы? Кандай максат үчүн алып жатасыз? Убактысы келгенде кайтарып бере аласызбы? Эгер бул суроолорго жооп табылса, анда кредит ала берсеңиз болот.
  • Эч качан тойго деп кредит албаңыз. Тойдун дагы эртеси болот дегендей, эки-үч жылдап карыз төлөп каласыз. Андыктан, терең ойлонуп чечим кабыл алыңыз.
  • Кредит алардан мурун пайызына жана кошумча төлөмдөрүнө, мисалы, комиссиясы барбы жокпу, жакшылап көңүл буруңуз. 
  • Мыйзам боюнча келишим менен таанышып чыгууга үч күн берилет. Банк кызматкеринен келишимдин көчүрмөсүн алып, үйүнүзгө алып барып жакшылап окуп чыгыңыз. 
  • Кредитти алардан мурун кирешеңиз менен чыгашаңызды эсептеңиз. Эгер бул экөөнөн кийин белгилүү бир сумма калса, анда кредит ала берсеңиз болот.
  • Төлөй албай калсаңыз качпаңыз, телефонду өчүрбөңүз. Банкка барып жардам сурасаңыз, алар эмне кылуу керек экенин айтат. 
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт