Кредит алардан мурун буларды сөзсүз билип алыңыз
2021.01.29, 12:59
1931
"Айыл Банктын" кызматкери Нурзада Сапарбаева кредитти туура пайдалануу боюнча кеңештери менен бөлүштү.
- Кредитке чындап муктажсызбы? Кандай максат үчүн алып жатасыз? Убактысы келгенде кайтарып бере аласызбы? Эгер бул суроолорго жооп табылса, анда кредит ала берсеңиз болот.
- Эч качан тойго деп кредит албаңыз. Тойдун дагы эртеси болот дегендей, эки-үч жылдап карыз төлөп каласыз. Андыктан, терең ойлонуп чечим кабыл алыңыз.
- Кредит алардан мурун пайызына жана кошумча төлөмдөрүнө, мисалы, комиссиясы барбы жокпу, жакшылап көңүл буруңуз.
- Мыйзам боюнча келишим менен таанышып чыгууга үч күн берилет. Банк кызматкеринен келишимдин көчүрмөсүн алып, үйүнүзгө алып барып жакшылап окуп чыгыңыз.
- Кредитти алардан мурун кирешеңиз менен чыгашаңызды эсептеңиз. Эгер бул экөөнөн кийин белгилүү бир сумма калса, анда кредит ала берсеңиз болот.
- Төлөй албай калсаңыз качпаңыз, телефонду өчүрбөңүз. Банкка барып жардам сурасаңыз, алар эмне кылуу керек экенин айтат.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.