Баламдын башы телефондон чыкпайт. Кантип алаксытам?
2021.01.26, 16:10
3212
Салам админ! Суранам аноним кылып чыгарып бериизчи. Мени түйшөлткөн санаа ар бир ата-энеде болот го деп ойлойм. Улуу балам 1-класс. Окуусу жакшы, класс жетекчиси мактап эле турат. Бирок колунан телефон түшпөйю. Жанагы "Free Fire" деген оюн менен ооруп калды. Алып койсок ыйлап, таарынып жүрө берет. Балама боорум ооруп берип коём.
Кантип телефондон алыстатам? Кантип жумшак мамиле менен түшүндүрүп телефон бербей коё алам. Суранам кеңеш бериңиздерчи.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.