// //

Жыныс мүчөмдүн сырты жан чыдатпай кычышат. Эмне кылсам болот?

2021.01.26, 10:29
2411

Саламатсызбы! Мен бардык анализди тапшырдым. Жыйынтыгы таза чыкты. Дарыгер "вульвит" деген диагноз койду. Канткенде айыгам. Себеби жыныс мүчөм тез-тезтен кычышат. Көбүнчө ачуу жегенде, газдалган нерселерди ичкенде болот. Ичи кычышпай эле, сырты жан чыдатпай кычышат. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.01.2021, 10:35

Жамиля Сагинова

Гинеколог-эндокринолог

Саламатсызбы! Тилекке каршы, мындай учурлар кездешет. Анткени вульвит себептерине жараша ар кандай болушу мүмкүн. Бул жерде дарылоо жаш куракка, организмдин аллергиялык реакциясына, күндүн кайсы убагында кычышканына, жанаша жайгашкан органдардын ооруларына, кандай ич кийимдерди кийип жүргөнүңүзгө жана башкаларга жараша болот.

Көрүп турганыңыздай, көптөгөн суроолор бар жана бейтаптардын даттануулары бирдей болгонуна карабастан, ар бир учур индивидуалдуу мамилени талап кылат. Эгерде дарыланууга карабастан, кычышуу дагы эле сизди тынчсыздандырса, анда дарыгериңизге кайрылыңыз, ошондо ал сизге ылайыктуу дарылоону жазып берет.

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт