// //

Коңшу айыл өкмөт жайыт талашып жатат. Сотко берсе болобу?

2021.01.25, 16:12
1123

Саламатсызбы. Көйгөйдү юристке жеткирип, сурообузга жооп алып бересизби? Биздин айылды бир чоң суу бөлүп турат. Суунун аркы бетиндеги айыл менен бир айыл өкмөтпүз. Эми башка айыл өкмөттөн бирөө келип, суунун жээгине кафе салып, кийин сууга көпүрө салып, малын биз жака кое бергени жатат. Биздин айылдын жайыты аз болгондуктан каршы чыгып жатабыз. Акимге кайрылсак жыйынтык биз жака чечилчүдөй эмес. Сотко кайрылсак болобу? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.01.2021, 16:24

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман, сотко кайрылууга себеп керек. Ал үчүн төмөнкүлөрдү тактаңыз.

  1. Мыйзам боюнча суунун корголучу зоналары болот. Ошондуктан курулуш курууда бул корголучу зоналардын аралыгы сакталууга тийиш.
  2. Көпүрөнү өзү калаган жерге куруп алганга болбойт. Көпүрө курууда тиешелүү мекемеларден уруксаты бар же жок экендигин тактоо керек.
  3. Жайыт маселеси боюнча жайыт кометети менен сүйлөөшү керек. Анткени жайыт жерлери боюнча жайыт комитети иш алып барат.

Бул жайдайларды тактагандан соң сиздер сотко кайрылуу керекпи же жокпу билесиздер.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт