Коңшу айыл өкмөт жайыт талашып жатат. Сотко берсе болобу?
2021.01.25, 16:12
1214
Саламатсызбы. Көйгөйдү юристке жеткирип, сурообузга жооп алып бересизби? Биздин айылды бир чоң суу бөлүп турат. Суунун аркы бетиндеги айыл менен бир айыл өкмөтпүз. Эми башка айыл өкмөттөн бирөө келип, суунун жээгине кафе салып, кийин сууга көпүрө салып, малын биз жака кое бергени жатат. Биздин айылдын жайыты аз болгондуктан каршы чыгып жатабыз. Акимге кайрылсак жыйынтык биз жака чечилчүдөй эмес. Сотко кайрылсак болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.01.2021, 16:24
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман, сотко кайрылууга себеп керек. Ал үчүн төмөнкүлөрдү тактаңыз.
- Мыйзам боюнча суунун корголучу зоналары болот. Ошондуктан курулуш курууда бул корголучу зоналардын аралыгы сакталууга тийиш.
- Көпүрөнү өзү калаган жерге куруп алганга болбойт. Көпүрө курууда тиешелүү мекемеларден уруксаты бар же жок экендигин тактоо керек.
- Жайыт маселеси боюнча жайыт кометети менен сүйлөөшү керек. Анткени жайыт жерлери боюнча жайыт комитети иш алып барат.
Бул жайдайларды тактагандан соң сиздер сотко кайрылуу керекпи же жокпу билесиздер.
0
Пайдалуу жооп