Кайын-журтум тойго кеткен чыгымды төлөп бербесек, сотко берерин айтты
Саламатсызбы! Сизден жардам сурайын дегем. Жашым 18де. Жакында эле турмушка чыккам. Өзүбүз билген жер деп ата-энем айтканынан макул болгом. Апам менен дос болушчу. Турмушубуз барган күндөн тарта жакшы болбой, көп чатакташтык. Кайын-журтума айтпай жумушка барам деп келе бердим. Эми болсо тойго кеткен чыгымдарды төлөтөбүз деп жатышат. Апам жалгыз бой эне, бизди кыйналып, пенсиясы менен багып окутту. Сотко берем дегенин угуп көп ойлончу болду. Эмне кылсам болот? Мектепте мугалим болуп иштейм.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Турмуш куруу - бул эки тараптын эркин жана өз ара макулдугу менен эркек жана аялдын ортосундагы тең укуктуу жана ыктыярдуу баш кошуусу. Демек, сизди эч ким турмуш курууга же турмуш куруудан баш тартууга мажбурлоого укугу жок.
Ал эми сотко берет экен деп ойлонуп, кабатыр болуу пайдасыз. Сотко кайрылса эле, сот алардын доо арызын карап чечим чыгара койбойт. Тойго кеткен чыгымдар боюнча айтса кетсек, бул чыгымдарды учурунда өздөрү ыктыярдуу короткон деп эсептейм. Эгерде сотко кайрылышса, редакциядан менин номеримди алып, бизге кайрылсаңыз болот. Жагдайга карап сизге кошумча кеңеш берүүгө даярбыз.