Жөнөкөй спираль салдырсам табарсыгым карматпай ооруп жатат. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Спираль салдырып жүргөм. Беш күн мурда түшүп калды. Кайра жөнөкөй түрүнөн эле салдырсам аябай оорутууда. Табарсыгым дагы карматпай ооруп жатат. Эмне кылсам болот?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Спиралды кайрадан салардан мурун, эс алып, толук текшерүүдөн өтүп, анализдерди тапшырууну сунуштайбыз. Эгерде өзгөрүүлөр болсо, сезгенүүгө каршы терапия курсунан өтүңүз, андан кийин кайрадан сала аласыз. Сиздин учурда 5 күн өттү, анан дароо башкасын койдуңуз. Спиралдын фонунда симптоматикалык терапия алууга аракет кылыңыз. Эгер ал жардам бербесе, спиралды алып салып, дарылоонун толук курсунан өтүп, сезгенүүгө каршы эффекттүү спиралды тандашыңыз керек болот.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.