Математикага такыр түшүнбөйм. Программист болсом болобу?
Саламатсызбы! Мен суроом программист болуу үчүн сөзсүз түрдө математиканы мыкты билүү керекпи. Мени ойлондурган нерсе бул математикага такыр түшүнбөйм. Математиканы жакшы билбей деле программист болсо болобу?
Динара Руслан
Codify Lab компаниясынын жетекчиси жана негиздөөчүсү
Көп адамдар IT тармагын программалоо гана деп ойлошот. Бирок, программалоо бул бир гана багыты, андан башкалары дагы көп. Мисалы, IT проект-менеджер, IT продукт-менеджер, аналитика, веб-дизайнер ж.б. Ушулардын баары кошулганда IT тармагы болот. Ооба, математиканы жакшы билсең гана программист болосу деп айтышат. Бирок, математиканын базасын билсең ошол жетиштүү. IT тармагынын кайсы багытын тандайсың, ошондон көз каранды. Андыктан математиканы билбейм деп кабатыр болбостон, кыялыңды орундата бер.