Тестке ишенип кайын энеме неберелүү болосуңар десем, этек кирим келип калды
Саламатсызбы! Менин этек кирим 13-октябрда келген, кийин 26-ноябрда келди. 26-декабрда күтсөм келген жок. Бир жума өткөндөн кийин тест салып көрсөм эки сызык чыгып жатты. Бирок, экинчи сызык тунук эмес кызыл болуп чыгып жаткан. Анан мен боюмда бар экен деп, кайын энеме, кайын атама сүйүнчүлөп айткам. Алар аябай сүйүнүп калышкан. Эми болсо 9-январда этек кирим келип калыптыр. Эми эмне кылаарымды билбей, башым ооруп отурам. Тест туура эмес көрсөтүп коюшу мүмкүнбү?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокинолог
Саламатсызбы! Мындай көрүнүш бир нече себептерден улам болушу мүмкүн: же кош бойлуулук кыска мөөнөттө үзгүлтүккө учурады, же кош бойлуулук уланып жатат, бирок этек кир келип калды (өтө сейрек кездешүүчү көрүнүш, бирок болушу мүмкүн), же энелик безинде гормон чыгаруучу бир нерсе пайда болгон. Себептерин билип жана андан ары эмне кылуу керек экенин аныктоо үчүн ХГЧга кан тапшырып, жамбаш органдарынын УЗИсинен өтүп, анализдин жыйынтыгы менен гинекологго кайрылуу керек.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.