Ичимдеги баланын салмагы 1060 грамм экен. Айына жетпей төрөшүм керекпи?
Саламатсызбы! Курсагыма жети ай болду. Дарыгерлер "баланын салмагы 1060 грамм, өтө кичинекей, төрөтөбүз", - деп жатышат. Тогуз айга жетип төрөсөм болобу? Баламдын салмагы чоңоебу?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокинолог
Саламатсызбы! Мындай тыянактар кандай негизде жасалгандыгы белгисиз. Адатта, кош бойлуулук 40 жумага созулат (9 календардык же 10 акушердик ай) жана кош бойлуулуктун 38-42 жумасына чейинки төрөт норма деп эсептелет. Эгерде ушул мезгилден эрте же кечирээк төрөт болсо, анда бул патологияны билдирет.
Жети айда, башкача айтканда, кош бойлуулуктун 27-28 жумасында, түйүлдүктүн салмагы 1000-1350 граммды түзөт. Ошондуктан сиздин жыйынтыктар нормалдуу жана андан кийин кош бойлуулук жакшы жүрсө, төрөт учуруна чейин түйүлдүк жетиштүү салмак кошот.
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.