Темир буюмду кармасам ток урат. Эмнеге?
2021.01.21, 11:32
3241
Саламатсызбы! Менин колумда ток бардай боло берет. Темир буюмдарды алайын дегенде ток урат. Эмне себептен? Же кайсы бир витамин жетишпейби?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.01.2021, 11:33
Асель Сыдыкбекова
Терапевт
Кутман күн! Мындай көрүнүш дайыма болуп турабы? Кээде синтетикалык кийимдерди кийип алгандан болот. Эгер кийимдин сапатына көз каранды болбосо, сизде көп энергия болушу мүмкүн. Бул оору эмес. Болгону сиздеги энергияны пайдалана билишиңиз керек. Мисалы, спорт менен машыгуу, чуркоо, колуңуз менен бир нерселерди жасоо.
Энергия көбүнчө көзгө көрүнгөн материалдык нерселерге өтөт. Ошол үчүн кол эмгекти өөрчүтүңүз. Сүрөт тартыңыз, ыр жазыңыз, көл өнөрчүлүктүн кайсы бир түрү менен алек болуңуз ж.б.
Ийгилик!
0
Пайдалуу жооп