Муфтияттын сайтындагы убакыт менен намаз окусам туура эмес болуп жатат
2021.01.20, 14:41
2419
Саламатсызбы! Эмнеге муфтияттын сайтындагы убакыт менен намаз окусам туура эмес болуп жатат? Мисалы, багымдат саат 06:49 деп турат. Мен 06:50до намаз окуп баштап, жетилерде бүтөм. Саат 7:20да жумушка кетип баратсам азан айтылып баштайт. Муну кандай түшүнсө болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.01.2021, 14:46
Бактияр Токтогазиев
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын Фатва бөлүмүнүн адиси
Сайттагы намаз убактысында эң алгачкы убакыты жазылган. Багымдат намазынын убактысы таң аткандан күн чыкканга чейин болуп эсептелет. Мечиттерде азан дароо эле биринчи убактында айтылбайт, бир аз өткөзүп айтышат.
0
Пайдалуу жооп