// //

Богокту операция жолу менен алдыргам, кийин төрөй аламбы?

2021.01.20, 10:29
1774

Мен 22 жаштамын. "Диффузный зоб" деп диагноз коюлган. Үч жылдай ооруп жүрүп, кийин операция жолу менен алдыргам. Бирок көзүм шишип кетип, шишик тарабай калды.  Көзүмдү калыбына келтирүү жолдору барбы? Мен блефаропластика жолун колдонуп көрсөмбү деп ойлонуп жаткам. Туура эле кылып жатамбы же мүмкүн эмеспи? Жана турмушка чыксам төрөй аламбы?

Чоң рахмат. 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.01.2021, 10:32

Чолпон Муратова 

Эндокринолог 

Саламатсызбы! Көздөгү өзгөрүүлөр богок айыккандан кийин дагы калыбына толук келбейт. Азыркы учурда гормондоруңуз нормада болуп жана окулист "эндокринная офтальмопатия" жок деп диагноз койгон болсо, анда блефаропластика жасатсаңыз болот.

Эгерде сиз эндокринологдун көзөмөлүндө болуп, гормондоруңузду нормада алып жүрсөңүз албетте төрөй аласыз.

Эндокринолог Чолпон Муратова менен @cholponendokrinolog инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт