Балдар ата-энеси менен чет өлкөгө чыкса дагы уруксат кагазы керекпи?
Саламатсызбы! Жолдошум экөөбүз Москвага баралы дегенбиз. Эки балабыз бар, улуусу төрттө, кичүүсү экиде. Балдарга жарандык (загран) паспорт жасатыш үчүн дагы ата-эненин уруксат кагазы керек деп уктум. Өзүбүз менен бирге барса дагы уруксат кагазы керекпи?
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчу адиси
Саламатсызбы! “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинде 16 жашка чыга элек жаранга жалпы жарандык паспортту тариздөө ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн нотариалдык ырасталган өтүнүчүнүн негизинде жүргүзүлөт. Бул жерде айырма жок, ата-энесинин бирөөсү менен барып жасатса болот.
Мамлекеттик каттоо кызматынын бирдиктүү ишеним телефону: 0312 62 41 40; же 119 кыска номерине чалып кошумча маалымат алсаңыз болот.
Ийгилик!