Байкем менен жеңем кем акыл адамдар. Кантип аларга жөлөкпул алсам болот?
Саламатсызбы! Менин байкем менен жеңем экөө тең кем акыл адамдар. Кантип жөлөкпул чыгарсам болот? Байкемдики паспорту дагы жок эле.
Мелисбек кызы Жаңыгүл
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Мыйзамынын негизинде, бул жарандарга пенсиялык камсыздандырууга укугу жок жаран катары социалдык жөлөкпул чектесе болот. Ал үчүн соттун чечими менен жарандарды ишке жөндөмсүз (недееспособный) деп таап, аларга камкорчу (опекун) болуп жакын туугандары же болбосо мыйзамга ылайык өкүлү дайындалышы керек. Соттун чечими менен камкорчу болуп дайындалган жаран көзөмөлүндөгү жарандын кызыкчылыктарын жактай алат.
Жогорудагылардын негизинде камкорчусу социалдык жөлөкпул чектетүү үчүн, камкорундагы жарандардын иш жүзүндө жашаган дареги боюнча райондук же шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына кайрыла алат. Социалдык жөлөкпул чектетүү үчүн жарандар биринчиден медициналык-социалдык эксперттик комиссиядан өтүшү зарыл.
Ошондой эле, байкеңиз паспортун сөзсүз түрдө алышы керек. Паспорту жок эч бир тармак кабыл албайт.
Кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 990 603 030 WhatsApp номерине жазыңыз.