Тукумсуздукка чейин жеткирген богок тууралуу эмнелерди билүү керек
Богокту дарылабаса оор кесепеттерге, анын ичинен тукумсуздукка алып келет. Ал эми өз убагында дарыгерге көрүнүү үчүн, оорунун алгачкы белгилерин билүү керек. Эндокринолог Чолпон Муратова богок тууралуу кененирээк айтып берди.
Бул кандай оору?
Богок - калкан бездин нормадан чоңоюшу жана анын иштешинин бузулушу. Жыйынтыгында гормондор төмөндөйт же жогорулайт.
Оорунун пайда болуу себептери
- Йоддун жетишсиздиги
- Организмде Д витаминин жетишсиздиги
- Темир жана селен заттарынын жетишсиздиги
- Уйкунун бузулуусу
- Туура эмес тамактануу
- Стресс болуу.
Оорунун алгачкы белгилери түрүнө жараша болот.
Гипотиреоз түрүндө:
- Толуп кетет
- Шишик пайда болот
- Ичи катат
- Чачтары түшөт
- Териси кургайт
- Бат үшүйт
- Үнү өзгөрөт
- Этек кир цикли бузулат.
Тиреотоксикоз түрүндө:
- Арыктайт
- Көп тамак жейт
- Маанайы бат өзгөрүлөт
- Тердейт
- Жүрөгү бат-бат жана катуу согот
- Ичи өтөт
- Этек кир цикли бузулат.
Ооруга диагноз кантип коюлат?
- Калкан безин УЗИден көрөт
- Гормондорго кан анализин тапшырат.
Ооруну дарылоо жолдору
Тиреотоксикоз түрүндө, калкан бези тиреоиддук гормондорду ашыкча иштеп чыгат. Бул учурда гормондордун өндүрүлүшүн азайтуучу препараттар дайындалат.
Гипотиреоздо, калкан бези тиреоиддук гормондорду жетишсиз көлөмдө өңдүргөндүктөн, организмдеги гормондордун жетишсиздигин компенсациялоо үчүн атайын дары-дармектер дайындалат.
Ошондой эле, хирургиялык жол менне дагы дарыланат.