Этек кириң келе электе спираль салдырсаң болобу же жокпу?
2021.01.18, 12:52
2423
Саламатсызбы! Төрөгөнүмө жети ай болду. Этек кирим келе элек, спираль салдырсам болобу? Же этек кирим келгенден кийин салдырышым керекпи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.01.2021, 13:02
Раушан Джумагулова
Акушер-гинеколог
Саламатчылык. Жатын ичине салынуучу спиралды төрөттөн кийин каалаган убакта койсо болот. Бирок, кош бойлуулук жана сезгенүү болбошу керек. Бул эки нерсени так аныктоо үчүн УЗИге түшүп жана флорага мазок тапшырыңыз. Эгер баары жайында болсо, анда салдыра берсеңиз болот.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог Раушан Джумагулованы инстаграмдагы @erkai_clinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
0
Пайдалуу жооп