// //

Сулуулукту сактоо үчүн пайдалуу кеңештер

2021.01.15, 17:13
2515

Косметолог-дерматолог Айнура Уизбаевада сулуулукту сактоо үчүн пайдалуу кеңештери менен бөлүштү.

Туура тамактануу. Туура тамактануу абдан маанилүү. Айталы, май азыктары боорду сезгентип, өтө ачуу тамактар ашказанды оорутуп, өткө күч келтирет. Жыйынтыгында органдарыбыз кыйналат, акыры барып жүзүбүзгө терс таасирин тийгизет. Бетибизге бүдүрчөлөр чыгып, сезгенип, шишийт. Шишиктин аягы бырышка алып келет. 

Көп суу ичүү. Күнүнө жок дегенде бир жарым литрден кем эмес таза суу ичип туруу керек. Ичкенде дагы баарын бир заматта эмес, аз-аздан ичүү сунушталат.  Суу организмди шлактардан тазалайт, денени нымдандырат.

Спорт менен машыгуу. Азыр көбү отуруп иштейт. Мунун кесепети омурткаларыбызга тиет. Ошон үчүн жумасына 2-3 жолу машыгып туруу керек. Омурткабыз бекемделип, кан айлануу жакшырат. 

Газдалган суусундуктан алыс болуу. Эч качан пепси жана кола деген суусундуктарды ичпегиле. Себеби алардын курамында кант абдан көп. Кантты көп колдонуу бат картаюуга себеп болот. Бетке безетки, майда бүдүрчөлөр чыгат. 

Ун азыктарын азыраак пайдалануу. Ун азыктарынан жасалган тамактар иче-карын аппаратынын ишин төмөндөтөт. Жыйынтыгында бетибиз майланышат,  сезгенет. Эң жаманы тез карыйбыз. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт