Баламдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө ката бар. Эмне кылсам болот?
2021.01.13, 12:06
1510
Баламдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө туулган жылы жана айы туура эмес жазылып калган. Оңдотуу үчүн кимге кайрылам? Кандай документтер керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.01.2021, 12:25
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатсызбы! Эгер балаңыздын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө айрым маалыматтар туура эмес жазылып калса, ЗАГС бөлүмүнө кайрылып жаңы күбөлүк алсаңыз болот. Бул үчүн алгач төрөт үйүнө барып төрөлгөндүгүн тастыктаган маалымкат алышыңыз керек. Ошол маалымкат менен кайра ЗАГСка барасыз.
Мамлекеттик каттоо кызматынын бирдиктүү ишеним телефону: 0312 62 41 40; же 119 кыска номерине чалып кошумча маалымат алсаңыз болот.
Ийгилик!
0
Пайдалуу жооп