// //

Баланын заарасы же заңы денеге тийип кеткенде даарат бузулабы?

2021.01.11, 13:13
4197

Саламатсызбы! Өзүм намаз окуйм. Балдарым кичинекей. Алардын бок-сийдик болгон көтөндөрүн жууйм. Баланын заарасы же заңы денеге тийип кеткенде даарат бузулабы? Өзүм кайра даарат алам, бирок кээ бирөөлөр бузулбайт деп жатышат.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.01.2021, 13:20

Бактияр Токтогазиев

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын Фатва бөлүмүнүн адиси

Саламатсызбы! Жок, даарат бузулбайт, кабатыр болбой эле коюңуз. Жаш балдардын булганган жерин, же заң же заара болгон жалаяктарын жуу дааратты бузбайт. 

0
Пайдалуу жооп
А
Ася Тургунова(замужем)
16.07.2021, 02:39

Асяляму алейкум ва рахматуллпхи ва баракатуху бизде мусулман динде ымыркайдын 40кын чыгаруу 40токоч бышыруу 40кашык сууга жуунтуу деген барбы?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт