Төрөгөндөн кийин ичти качан катуу таңып, корсет тагына баштаса болот?
2021.01.08, 13:33
2244
Саламатсызбs! Төрөгөндөн кийин ичти тарта турган корсетти канча күндөн кийин тагынса болот? Мисалы, "утягивающий латексный корсет" тагынайын дегем. Ошондой эле ичти качан катуу таңып баштаса болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.01.2021, 13:35
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Төрөт үйүнөн чыккандан кийин корсет кийип, ичиңизди бекем байлап алсаңыз болот. Бирок, алгач кетерден мурун врачка көрүнүшүңүз керек. Эгерде УЗИден караганда плацентардык ткандардын калдыктары жок болсо, ошондой эле кан агуу, температура жок болсо, анда эч кандай каршы көрсөтмөлөр жок.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп