Нике шакегин тагынбайм десем, келинчегим капа болуп жатат
2021.01.05, 17:12
2782
Саламатсызбы! Мен жакында үйлөнөм. Силерден сурайын дегеним, нике шакегин тагынсам болобу? Алтын шакек тагынганга шариятыбыз уруксат береби? Тагынбайм десем, келинчегим капа болуп жатат.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.01.2021, 17:13
Кадыр Маликов
Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары, теолог
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) хадистеринде эркектерге аялдарга окшоп алтын буюмдарды, (анын ичинде шакекти) тагынууга жана жибек кийимдерди кийүүгө тыюу салган. Тактап айтканда, ислам салты боюнча эркектин алтын тагынып, жибек кийип жүрүшү арам болуп саналат.
Нике шакегине токтоло кетсем. Эгер ал алтын болсо, күмүш же башка металлга алмаштырып тагынып жүрө берсеңиз болот. Бул нерсеге уруксат берилет.
0
Пайдалуу жооп