Менин атымда 4 сотук жер бар. Күйөөм менен ажырашсам экиге бөлүнөбү?
Саламатсызбы! Менин атыма катталган времянкасы менен 4 сотук жер тилкебиз бар. Күйөөм менен ажырашсам ал жер мага калабы же экөөбүзгө тең бөлүнөбү? Ортобузда үч балабыз бар.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Эгер бул жер силер баш кошконго чейин эле атыңызга алынган жер болсо же сизге никеде болгон учуруңузда белек иретинде берилсе, ал өзүңүздун жеке мүлкүңүз болуп эсептелинет. Анткени Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 37-беренесинин 1-бөлүгүндө "Никеге турганга чейин жубайлардын ар бирине таандык болгон мүлк, ошондой эле никеде турган учурда жубайлардын бири мурас катары же дагы башка бекер бүтүмдөр боюнча алган белек (жубайлардын ар биринин мүлкү) анын менчиги болуп саналат" деп көрсөтүлгөн. Ошондой эле белгилеп кетчү жагдай, эгерде бул мүлк силердин жалпы мүлкүңөр болсо, анда ортоңордо тең бөлүштүрүлөт. Бирок мындай бөлүштүрүүнү күйөөңүз өзү талап кылуусу керек.