Журналист болгум келет. Кайсы сабактарды жакшы окушум керек?
Саламатсызбы! "Билесиңби" долбоору. Сизге мен бир суроо менен кайрылдым эле? Негизи мен 8-класста окуймун, анан келечекте алып баруучу болсом деп тиленем. Журналистика жатында окуу үчүн азыртан кайсы предметти жакшы өздөштүрүп окушум керек? ЖРТдан математика жана кыргыз тил сабагынан тышкары кайсы предметтен тест тапшырсам болот? Чыдамсыздык менен жооп күтөм!
Асель Жолдошбек кызы
Bilesinbi.kg долбоорунун журналисти
Саламатсызбы! Журналист болгусу келген адам ар тараптуу болушу керек. Ар дайым изденип, жаңы нерселерден кабардар болуп, замандан артта калбай жүрүшү зарыл. Ошондуктан, колуңуздан келишинче бардык предметтерди жакшылап өздөштүрө бериңиз. ЖРТдан кошумча предмет катары тарых менен англис тилин тандасаңыз туура болот. Окууңузга ийгилик каалайм! Келечекте сиз менен кесиптеш болуп калабыз деп үмүттөнөм.