// //

Квартира сатып алардын мурун эмнелерди эске алуу керек?

2020.12.29, 11:59
1147

Саламатсызбы! Келе жаткан жаны жылыңар менен! Мен юристен кенеш алайын дегем. Жалал-Абадта жашайбыз. Менин сиңдим Россияда эл катары иштеп жүрөт. Үй алсамбы деген ниети бар. Анан азыр курулуш компаниялар менен келишип эле алсаң болот экен. Сурайын дегеним, бизди алдап кетишбейби? Ишеничтүү болуш үчүн эмне документтерин көрүшүбүз керек? 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.12.2020, 12:03

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Биринчи кезекте, жер участогуна болгон менчик укугун күбөлөндүргөн документин сураңыз. Тактап айтканда жер эмне үчүн берилген, көп кабаттуу үй салуугабы же жеке менчик үйгөбү дегендей. Андай документи жок болсо, өз билемдик менен курулуп жаткан болуп калат. Экинчиден курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксаты бар экендигин көрсөткөн документин талап кылыңыз. Проекти ишке ашырса болот деген эксперттик корутундусу барбы караш керек. Буга кошумча бул жаңы компаниябы же мурунку бүтүргөн обьектилери барбы тактап чыгыңыз. Мүмкүн болушунча, көптөн бери иштеп келаткан, жыйынтыгы бар компаниялардан алган жакшы. Ошондой эле компания жана анын жетекчилиги тууралуу пикирлерди караңыз. Жакшылап баарын изилдеп, анан чечим кабыл алгыла.  

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт