Квартира сатып алардын мурун эмнелерди эске алуу керек?
Саламатсызбы! Келе жаткан жаны жылыңар менен! Мен юристен кенеш алайын дегем. Жалал-Абадта жашайбыз. Менин сиңдим Россияда эл катары иштеп жүрөт. Үй алсамбы деген ниети бар. Анан азыр курулуш компаниялар менен келишип эле алсаң болот экен. Сурайын дегеним, бизди алдап кетишбейби? Ишеничтүү болуш үчүн эмне документтерин көрүшүбүз керек?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Биринчи кезекте, жер участогуна болгон менчик укугун күбөлөндүргөн документин сураңыз. Тактап айтканда жер эмне үчүн берилген, көп кабаттуу үй салуугабы же жеке менчик үйгөбү дегендей. Андай документи жок болсо, өз билемдик менен курулуп жаткан болуп калат. Экинчиден курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксаты бар экендигин көрсөткөн документин талап кылыңыз. Проекти ишке ашырса болот деген эксперттик корутундусу барбы караш керек. Буга кошумча бул жаңы компаниябы же мурунку бүтүргөн обьектилери барбы тактап чыгыңыз. Мүмкүн болушунча, көптөн бери иштеп келаткан, жыйынтыгы бар компаниялардан алган жакшы. Ошондой эле компания жана анын жетекчилиги тууралуу пикирлерди караңыз. Жакшылап баарын изилдеп, анан чечим кабыл алгыла.