Таекебиз "подстава" менен соттолуп жатат. Эмне кылсак болот?
Таекебиз "подстава" менен соттолуп жатат. Сот жети жылга кесип жиберген. Ишти кайрадан карап чыгуу боюнча жогорку сотко кайрылганбыз. Ошондон бери сот болбой жатат. Соттор акча сурап, адвокаттар дагы акчабызды алып жакшы тергөө жүргүзбөй келет. Тайкемдин башында шишик бар, ооруп бат-баттан кулап жатат. Амнистия болорун угуп калдык эле. Кантип чыгарсак болот? Кайда кайрылабыз?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматуу окурман! Эгер иш сотто болсо, анда ал амнистияны колдонот. Бул үчүн жактоочу өтүнүч бериш керек. Бирок, амнистия бериле турган жана берилбей турган беренелер бар. Тактап айтканда, кээ бир кылмыш түрлөрү үчүн амнистия колдонулбайт. Тайкеңиздин айыпталып жаткан иши боюнча амнистия колдонулабы же жокпу билүү үчүн, ишти карап чыгуу керек. Сурооңузга жалпылап жооп берип жатам, иш менен толук таанышсам кененирээк жооп берет элем. Соттордун, адвокаттардын мыйзамсыз акча сураганы боюнча УКМКга кайрылгыла.