Өнөкөт пиелонефритке чалдыгып калдым. Эми канча жыл жашайм?
2020.12.24, 11:58
1968
Саламатсызбы! Мен "двусторонний хронический пиелонефрит" менен ооруйм. Бул тууралуу жакында эле билдим. Сурайын дегеним, оорум канчалык деңгээлде коркунучтуу жана буга чалдыккан адам канча жыл жашайт?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.12.2020, 12:07
Болот Рысбаев
Медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын доценти, уролог
Саламатсызбы! Биринчиден жалпы анализ тапшырасыз: кан, сийдик, “проба Нечипоренко”. Анан жыйынтыгына жараша дары жазып берилет же профилактика кылынат. Бул оору коркунучтуу эмес. Дарыгердин айтканын кылып, суук тийүүдөн алыс болуп, өтүштүрүп жибербесеңиз эч кандай көйгөй жок, көп жыл жашай бересиз. Ден соолукта болуңуз!
0
Пайдалуу жооп