// //

Кош бойлуумун, бат-баттан суусап, көп суу ичем. Кант диабети болушу мүмкүнбү?

2020.12.23, 14:50
1806

20 жаштамын. Эки айлык кош бойлуумун. Кыз кезимде бат-бат оозум кургап сууну көп иччүмүн. Азыр деле таң аткыча суу ичип чыгам. Сууну көп ичкеним боюмдагы балама зыянын тийгизбейби? Мындан тышкары бат-бат чарчап, көп уктачу болдум. Кант диабети болуп калган жокмунбу? Кеңеш бериңизчи.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
24.12.2020, 14:53

Айпери Соурбекова

Гинеколог-эндокринолог

Салам! Ооба, сиз өзүңүзгө туура байкоо жүргүзүпсүз. Кант диабетинин бирден бир белгиси бат суусап, сууну көп ичип анан тез-тез заара кылуу.

Биринчи кезекте учетко туруңуз, андан кийин ачкарын барып кант диабетине анализ тапшырыңыз.

Калганын учетко алган гинеколог көзөмөлдөп турат.

Ден соолук каалайм!

Гинеколог-эндокринолог Айпери Соурбекова менен  @doctor_sourbekova_gynekologist инстаграм баракчасы аркылуу байланыша аласыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт